БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы түзүлдү. Бул тууралуу Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү Святослав Каравай Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, телефон алдамчылыгы кеңири тараган киберкылмыштуулук болуп саналат.
Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыйгарым укуктуу өкүлү Святослав Каравай
© Sputnik / Самрат Карачев
"Өткөн жылы 1600гө жакын ушундай кылмыш катталып, анын 48 пайызынын бети ачылган. Тергөөнүн татаалдашына көпчүлүк кылмышкерлердин чет өлкөдө болушу себеп болууда. Алар VPN жана башка программалык камсыздоолорду колдонгондуктан изине түшүү өтө кыйын. Алдамчылар көбүнчө УКМК же ИИМдин атынан чалып, "текшерүү жүрүп жатат", "иш козголду" деген сыяктуу шылтоолорду айтышат. Банк же уюлдук операторлордун атын жамынгандар дагы болот", — деди Каравай.
Ал кошумчалагандай, чоң киреше убада кылган схемалар да кеңири тараган.
"Алдамчылардын тузагына түшүп калбаш үчүн сунушту акыл менен баалоо керек. Мисалы, банктардагы депозит боюнча жылдык пайыздык чен болжол менен 14 пайызды түзөт. Ал эми шылуундар жылына 200-300 пайыздык пайда убада кылышат. Сиздин "эсебиңизде" көбөйүп жаткандай көрүнгөн баштапкы сумма көрсөтүлөт. Бирок иш жүзүндө бул жасалма, чыныгы акча жок. Ошондуктан криптовалютага же банкка инвестиция салууну көздөгөн учурда маалыматты кылдаттык менен текшерүү зарыл", — деди ал.