БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Киев бийлиги Америкадан куралды башкача жол менен сурай турганын РИА Новости Politico басылмасына шилтеме берип кабарлады.
Эми ал америкалык курал-жаракка Европа аркылуу ээ болуш үчүн Вашингтондун макулдугун алууга аракет кылып жатат.
"Украина АКШдан көбүрөөк курал алуу үчүн жаңы план ойлоп тапты. Ал — Европа өлкөлөрүнө америкалык куралды Киевдин бийлиги үчүн сатып алууга уруксат берүүнү Вашингтондон өтүнүү", — деп айтылат материалда.
Бул стратегиянын алкагында европалык айрым мамлекеттер аскердик бюджетинин эсебинен Украинага берүү үчүн америкалык курал-жаракты сатып алуунун жолдорун иликтеп, күнгөй-тескейин карап жатканы белгиленет.
Анткен менен аталган мамлекеттердин бири да бул жаатта келишим түзө элек. Бул иштен маалыматы болгон кишилердин бири АКШнын макулдугу керектигин жана ал майда-чүйдөсүнө чейин талкууланып жатканын билдирген. Басылма сүйлөшүүлөрдө Киевдин америкалык куралдарды колдонушуна АКШнын чектөөлөрүн алып салуу маселеси да козголорун айтты.
Буга чейин Украинадагы жүрүп жаткан согушка курал-жарак жиберүү АКШнын бул жааттагы корун чекесинен азайткандыгын жазышкан. Ак үйдүн өкүлү Анна Келли NBC телеканалына курал берүүнү убактылуу токтотушканын тастыктап, мындай чечим "Американын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу үчүн кабыл алынганын" белгиледи. Кеп Patriot зениттик-ракеталык комплекси, ашык мелжеген жерине так тийген 250дөн ашык GMLRS системасы, жүздөн ашык Hellfire жана "асман-жер" классындагы Stinger ракеталары туурасында жүргөн.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып, "от менен ойноо" болуп жатканын айтып келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО согушка курал-жарак берип эле катышпастан, Улуу Британиянын, Германиянын, Италиянын жана башка өлкөлөрдүн аймактарында аскердик кадрларды даярдап берип да көмөктөшүүдө.
Кремль Батыштын Киевди курал-жарак менен жабдуусу орус-украин сүйлөшүүлөрүн улам артка тартып, натыйжасы кесепеттүү болорун да бир нече ирет белгилеген.