БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Украинадагы баарын кыйнаган согуш Россиянынын Куралдуу күчтөрүнүн аракети менен АКШнын Patriot зениттик ракеталарын берүүнү токтотуу чечиминен тагдыр чечүүчү учурга жетти. Бул туурасында РИА Новости The Washington Post басылмасына таянып кабарлады.
"Украинадагы чарчатып бүткөн согуш өзүнүн тарыхында бурулуш учурга жетти", — деп жазылган макалада.
Басылма Киев бийлигине аскер, курал жетишпей, бул согуштун алдыңкы чектерине терс таасирин кадимкидей тийгизип жатканын белгилеген.
"Украинанын Батыштагы колдоочулары Киевге тез арада жардам берилбесе апаатка кептелерин айтышууда", — деп басылма баса белгилеген.
Шейшемби күнү Politico басылмасы АКШ Украинага берүүнү бир аз мурда токтоткон курал-жарактын ичинде ондогон Patriot, жүздөн ашык Hellfire, онго чукул Stinger ракетасы бар экендигин жазган. АКШдан Украинага курал-жарак жөнөтүлбөй калышы Американын корунун түгөнүп баратканынан улам экени кошумчаланган.
Немец гезити Bild мурдараак Украинанын курал-жарак кампалары бошоп, кризиске дуушар болушу мүмкүндүгүн белгилеген. Алар да Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн эң талуу жери — Patriot системаларын жана GMLRS ракеталарын жеткирүүнүн токтоп калышы экендигин, анткени бул ракеталар болбосо HIMARS реактивдүү система дээрлик жараксыз болорун жазган эле.
Июндун башында Ак үй Украинага мындан аркы колдоо көрсөтүү тууралуу чечим азырынча кабыл алына электигин, анткени алар көңүлдү көбүрөөк тынчтык сүйлөшүүлөрүнө буруп жатканын билдирген. Америкалык ЖМКлардын айтымында, Вашингтондун аскердик жардамды токтотушу Украинанын Куралдуу күчтөрүн чабуулга өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Россия Батыштын Украинага берген согуштук жардамы жакшы жыйынтыкка алып келбестигин жана жаңжалды уланта турганын, ошондой эле ташылып келе жаткан курал-жарак Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.