БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. 4-июль, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +35...+40, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +36...+41, Ысык-Көлдө +25...+30, Нарын өрөөнүндө +26...+31 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +38...+40 градуска көтөрүлөт.