ЖК Эсептөө палатасынын отчетун жактырды — Мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда 13,1 миллиард сомго бузуулар аныкталды

Sputnik
Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчетун угуп, аны жактырды. Өткөн жылдагы аткарылган иштерге, мамлекеттик органдарда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары белгиленди. Бир катар багыттар боюнча маселелер айтылды. Финансылык бузуулар, коррупцияны алдын алуу, жергиликтүү бюджеттердин иши, эл аралык кызматташуу тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов суроолорго жооп берди.