БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо 20-22-июль күндөрү эстрада музыкасынын "Мейкин Азия" IV эл аралык фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар министрлиги билдирди.
Белгилүү ырчылар Димаш Кудайберген, Sevak жана Ay-Yola тобу фестивалдын ардактуу коноктору болот.
"Фестивалда 25тен ашык өлкөнүн таланттуу жаш эстрада ырчылары ат салышат. Ар бир сынак күнү Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жылдыздарынын концерти менен коштолот", — деди министрлик.
Ал эми ата мекендик ырчылардан Мирбек Атабеков, Jax 02.14, Freeman 996, Бакр, Абир Касенов, Баястан, Тамга, Жийдеш Идирисова, Нурила, Бек Исраилов, Азат Раимбердиев, Миңжашар Мурзаев, Бегимай Турусбекова, Руслан Асанкан, ERA элдин маанайын көтөрөт.