Чек ара жаңжалындагы гранаталар... УКМК курал саткан ири топту кармады

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы учурунда берилген РГД-5 гранаталарын жана башка курал, ок-дарыны соодалоо боюнча иштеген топ кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Комитет Н.Т.З., М.Э.К., Н.К.А., Н.Т.Т., О.Б.Т., А.Т.Б., С.Р.Д. аттуу жарандар, ошондой эле Чек ара кызматында азыр эмгектенип жаткан Э.К.К. жана мурда иштеп кеткен А.у.Н. РГД-5 согуштук гранаталарынын ири партиясын сатууну пландаштырганын аныктаган.
"Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Чек ара кызматынын кызматкерлери менен кылмыштуу бүтүмгө келген. Кыргызстан менен Тажикстандын куралдуу кагылышуусунун учурунда РГД-5 гранаталарын колдонуу шылтоосу менен ишенип берилген мүлктү уурдап, кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө сатып жибергени аныкталган", — деп билдиришти аталган комитеттен.
Жарылгыч заттардан сырткары башка куралдар да болгон.
"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында төрт РГД-5 гранатасы, кыскартылган мылтык, 7,62 мм жана 5,45 калибрлүү ок-дарылар алынган", — деп айтылат маалыматта.
1 / 2

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы учурунда берилген РГД-5 гранаталарын жана башка курал, ок-дарыны соодалоо боюнча иштеген топ кармалды

2 / 2

Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди

Алар "сатуучулукту" майнаптуу аткарыш үчүн жасай турган "иштерин" бөлүштүрүп алышкан.
Атайын кызматтан алардын бири кардарларды издөө менен алектенсе, башкасы курал ташуу үчүн транспорт жана билгизбей, байкатпай жеткирүү үчүн адистештирилген аскердик кийимдерди даярдаганын билдиришти. Бул кылмышка тиешеси бар тогуз адам кармалып, №21 тергөө абагына киргизилген.
УКМК: башаламандык уюштуруп, төңкөрүш кылам дегендердин алдын алдык