Тасмагамбетов: ЖККУ кооптуулуктун бардык түрүнө туруштук бере алат

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун мүчө болгон мамлекет кептелген коопсуздукту алдын алып, жоюуга аскердик дарамети жетет. Бул туурасында аталган уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов Sputnik Кыргызстанга берген интервьюсунда айтты.
"ЖККУнун ыкчам аракетке келүү (реакция), тынчтык орнотуучу күчтөрдөн, авиациялык бөлүмдөрдөн жана аймактык топтордон турган аскердик мүмкүнчүлүктөрү бар. Алар ар кыл маанайдагы агрессиялык кадамдарды жана болуп кетиши мүмкүн деген кооптуулуктарды узартпай баса алат", — деп белгилеген Тасмагамбетов.
Башкы катчы ЖККУ өлкөлөрү туш келип жаткан маселелерге да токтолгон.
"Ири алдыда террорчулук, экстремизм, баңгизат ташуу, мыйзамсыз миграция, азык-түлүктүн, ресурстардын жетишсиздиги, биологиялык жана киберкоопсуздук. Бул көйгөйлөргө биргелешкен аракеттерибиз менен каршы турушубуз керек. ЖККУнун аларды жок кылуу үчүн зарыл ресурстары бар", — деп айткан Тасмагамбетов.
ЖККУга учурда Россия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения жана Беларусь мүчө.
Чолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу кандай өттү. Видео