БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда саясий келишпестик жана карама-каршылык жок. Эки өлкө бири-бирин толук түшүнөт. Бул тууралуу Садыр Жапаров Москвада Владимир Путин менен жолугушуусунда айтты.
"Биздин өлкөлөр бири-бирин жакшы түшүнөт, ортодо ишеним бар. Саясий келишпестиктер же карама-каршылыктар жок", — деди Жапаров.
Ал 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына Путиндин келишин чыдамсыздык менен күтөрүн кошумчалады.