БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия Азербайжанды эки өлкөнүн алакасын союздаштыктын деңгээлине кайтарууга чакырат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Биз, албетте, Азербайжан тарапты расмий документте белгиленген мамлекеттер аралык мамилелердин деңгээлине кайтууга чара көрүүгө чакырабыз. Бул стратегиялык союздаштыктын деңгээли экендигин эске салам", — деген ал брифингдин жүрүшүндө.
Захарова эки мамлекеттин ортосунда жаралган маселелерди саясий-дипломатиялык каналдар боюнча өнөктөштүктүн нугунда чечүү керектигине токтолгон.
"Жаралган бардык маселелерди өнөктөштүк негизде, саясий-дипломатиялык каналдарды болушунча колдонуу менен чечүү керек деп ойлойбуз", — деп белгилеген РФ ТИМ өкүлү.
Буга чейин Азербайжандын "Репорт" агенттиги укук коргоо органдарындагы маалымат булагына таянып, Баку шаарында ИИМ кызматкерлери Ирандан баңгизат ташыган жана киберкылмыштарды жасаган деп Россиянын жарандарын кармаганын билдирген.
Ал эми дүйшөмбү күнү Азербайжандын ИИМи Бакудагы Sputnik агенттигинин кеңсесинде "операция" жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Москва да Sputnik Азербайжан редакциясы менен байланыш үзүлүп калганын билдирген. Кийинчерээк Sputnik агенттиги Баку шаарында күч органдары россиялык эки журналистти, тагыраагы, Sputnik Азербайжан редакциясынын жетекчиси Игорь Картавых менен башкы редактор Евгений Белоусовду акылга сыйбаган айыптар менен кармашканын кабарлады. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, аларга "ФСБнын агенттери" деген айып тагылган.
Дүйшөмбү күнү РИА Новости Ruptly агенттигинин кызматкери Азербайжанда жеке сапары менен жүргөн кезде кармалганын билдирди.
Ал эми шейшемби күнү "Россия сегодня" медиатобу Азербайжан бийлигин кызматкерлерди бошотууга жана абалды тез арада жөнгө салууга чакырган.
Азербайжандын АПА агенттиги болсо Ирандан баңгизат ташууга жана киберкылмыштуулук менен байланышы бар делген Россиянын сегиз жаранынын баары төрт айга камакка алынганын билдирген.