Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россиянын лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго өлкөдө орус тилине өзгөчө макам берилгени үчүн ыраазычылык билдирди.
"Кыргызстанда орус тилине өзгөчө макам берилгени үчүн сизге ыраазычылык билдиргим келет. Бул нерсе бизге бир катар багыттар боюнча, анын ичинде экономика жаатында натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биз сизди жана жалпы делегацияны көргөнүбүзгө абдан кубанычтабыз. Кош келиңиздер", — деди Путин.
Эске салсак, Садыр Жапаров бүгүн Россияга иш сапары менен барды.
Сергей Лавров Садыр Жапаров менен жолукту. Талкууланган маселелер