Путин: Россия менен Кыргызстандын өнөктөштүгү бекемделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Россия — Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири, бул мамиле биздин келечектеги пландарыбыз менен да бекемделүүдө. Мындай пикирин Владимир Путин бүгүн Садыр Жапаров менен Кремлдеги жолугушуусунда айтты.

"Эки тараптуу мамилелерге келсек, сиздин иш сапардын алкагында мамилелерибиздин бардык багыттарын, албетте, биринчи кезекте экономика жаатын карап чыгуу мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтабыз. Бул тармакта бизде жакшы, туруктуу өнүгүү болуп жатат. Өткөн жылы товар жүгүртүү 11 пайыздан ашык болуп, жогорулады. Быйылкы жылдын алгачкы төрт айында дагы 17 пайыз кошулду. Андыктан бизге керектүү жыйынтыктарга жетип жатканыбызды белгилеп айтсак болот. Кыргызстанда Россиянын көп компаниялары иштеп жатат", — деген Путин.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Россияга жумушчу сапары башталды. Аны бир топ министрлер менен аткаминерлерден турган делегация коштоп барды.
Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Видео