Ошто үйү түрттүрүлө тургандар жашачу жаңы шаарчанын курулушу башталды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Коммунист айылында Эне-Сай жаңы конушунун курулушуна старт берилди. Мэрия жаңы шаарчанын пайдубалына 1-июль күнү мезгил кутучасы салынганын кабарлады.
Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Күзгө чейин 320 заманбап турак үй, мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган. Шаарча жалпы 54 гектар жерге түптөлөт.
1 / 4

Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Коммунист айылында Эне-Сай жаңы конушунун курулушуна старт берилди

2 / 4

Мэрия жаңы шаарчанын пайдубалына 1-июль күнү мезгил кутучасы салынганын кабарлады

3 / 4

Долбоор жалпы 520 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Күзгө чейин 320 заманбап турак үй, мектеп, бала бакча, ФАП жана башка социалдык мекемелерди куруу каралган

4 / 4

Шаарча жалпы 54 гектар жерге түптөлөт

"Бул үйлөр шаардын башкы планына ылайык жолду кеңейтүүдө, каналдардын жээгин ачууда турак жайы түрттүрүлүп башка жакка көчүрүлө турган жарандарга берилет", — деп айтылат маалыматта.
Шаарчаны Кытайдын "Куньлунь" компаниясы курат.
"Евразия" паркын жайдын соңу менен ишке берүү пландалууда. Курулуштун видеосу