Бишкекте менчиктештирилип кеткен 1 510 чарчы метрлик имарат өкмөткө кайтарылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Борбор калаада менчикке өтүп кеткен республикалык стоматологиялык клиниканын 1 510 чарчы метрлик имараты мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.
"Аталган мамлекеттик мекеменин имараты 1999-жылы кызмат адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында белгиленген тартипти бузуу менен менчикке өтүп кеткен. Менчиктештирүү жол-жобосу ачык сынактарды өткөрүү талаптарын сактабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүп алуу белгилери менен жүргүзүлгөндүгү такталган", — деп айтылат маалыматта.
Клиниканын имараты өткөрүп берүү учурунда мамлекеттик маанидеги объект деп эсептелип, элге стоматологиялык жардам көрсөтүү системасында иштеп келгенин айтышты.
1 / 3

Борбор калаада менчикке өтүп кеткен республикалык стоматологиялык клиниканын 1 510 чарчы метрлик имараты мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди

2 / 3

Клиниканын имараты өткөрүп берүү учурунда мамлекеттик маанидеги объект деп эсептелип, элге стоматологиялык жардам көрсөтүү системасында иштеп келгенин айтышты

3 / 3

Мүлккө ээлик кылган юридикалык жактын жетекчилиги жалпы аянты 1 510 чарчы метр болгон имаратты, ошондой эле андагы мүлктү ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү чечкен

Мүлккө ээлик кылган юридикалык жактын жетекчилиги жалпы аянты 1 510 чарчы метр болгон имаратты, ошондой эле андагы мүлктү ыктыярдуу түрдө мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнү чечкен.
УКМК Бишкектеги №67 мектептин менчиктештирилген бөлүгүн мамлекетке кайтарды