БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстан атыр продукциясынын эскпортун 86 эсеге көбөйттү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, быйыл январь-апрель айларында республика тышка 8,6 тонна атыр саткан. Өткөн жылдын ушул эле маалында 0,1 тонна продукция экспорттолгон болчу.
Негизги кардар ЕАЭБ өлкөлөрү болуп саналат. Алардын ичинен эң көп алганы — Казакстан (7,4 тонна) менен Россия (1,2 тонна).