Каракол Беларустун Брести менен бир тууган шаарлардан болду

Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Каракол менен Беларустун Брест калаалары бир тууган шаарлардан болду. Бул тууралуу өлкөнүн Минскидеги элчиси Эрбол Султанбаев жазды.
Маалыматта Каракол шаарынын күнүн белгилөөнүн алкагында калаага Брест шаардык Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лободинский жетектеген делегация келгени айтылат. Сапардын жүрүшүндө тараптар Каракол жана Брест шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелери боюнча макулдашууга кол коюшту.
Элчи аталган документ ар кандай тармактарда, анын ичинде экономика, маданият, спорт, туризм жана башка тармактарда узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негиз болорун белгилеген.
Брест чебинде советтик чек арачылардын элесине арналган эстелик тургузулду. Видео