Билайн биометриялык идентификациядан өткөндөргө 50%дык арзандатуу белек кылат

Sputnik
Билайн чет элдик жарандар үчүн атайын акция уюштуруп, аларга азыркыдан да пайдалуу шартта байланышта болууга мүмкүнчүлүк берүүдө. "Добро пожаловать" жана "UP"* тарифтерине кошулуп, биометриянын жардамы менен идентификациядан өткөн кардар 6 айлык абоненттик төлөмдү 50 пайызга арзан сатып ала алат.
Мамлекеттик кызмат аркылуу биометриялык идентификациядан ийгиликтүү өтүп, алгачкы абоненттик төлөм аткарылгандан кийин арзандатууга үч күндүн ичинде кошулууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай сунуш жаңы сим-карта сатып алган учурда күчүндө болот.
Россияда 2025-жылдын 1-январынан тарта россиялык байланыш операторлору аркылуу сим-карта алган чет элдиктердин милдеттүү түрдө биометрикалык идентификациядан өтүүсү каралган эреже иштей баштады. Мындай чара коопсуздукту бекемдеп, номерлердин туура эмес максатта колдонулушун алдын алуу үчүн Россиянын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу көрүлүүдө.
Акция 2025-жылдын 31-декабрына чейин жеткиликтүү болот.
Чет элдиктер Россияда сим-картаны кантип алып, кандай жол менен номерин сактап, дайыма байланышта боло аларын билайн нускамасы жазылган шилтемеден билүүгө болот.
*жогору жакка — англис тилинен которулду