БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэри болуп Азамат Арнабек уулунун ордуна Султан Кермалиев келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Арнабек уулу аталган кызматка 2022-жылы дайындалган.
Кермалиев 36 жашта. Курулуш тармагында окуп, эмгек жолун ширетүүчүдөн баштаган. Кийин курулуш компаниясын негиздеген. Чолпон-Атага комуз түрүндө курулган пирстин, ошондой эле Балыкчыдагы пляжга коюлган Зевс менен Посейдон статуяларынын автору катары таанымал.
Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.