БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. АКШ Украинага берүүнү бир аз мурда токтоткон курал-жарактын ичинде ондогон Patriot, жүздөн ашык Hellfire, онго чукул Stinger ракетасы бар. Бул туурасында РИА Новости NBC телеканалына таянып жазды.
"Жөнөтүлбөй кармалып турган куралдардын ичинде ондогон Patriot зениттик-ракеталык комплекси, чачырап, толкун менен жарылган 155 миллиметрлик снаряддар, жүздөн ашык Hellfire, 250дөн ашык мелжеген жерине так тийген GMLRS системасындагы жана ондогон "асман-жер" классындагы Stinger ракетасы бар. Мындан сырткары, гранатомёттор да камтылган", — деп телеканал кабарлаган.
Ак үйдүн өкүлү Анна Келли телеканалга курал берүүнү убактылуу токтотушканын тастыктап, мындай чечим "Американын кызыкчылыгын биринчи орунга коюу үчүн кабыл алынганын" белгиледи.
Шейшембиде Politico басылмасы АКШдан Украинага курал-жарак жөнөтүлбөй калышы Американын корунун түгөнүп баратканынан улам экенин маалымдады.
Июндун башында Ак үй Украинага мындан аркы колдоо көрсөтүү тууралуу чечим азырынча кабыл алына электигин, анткени алар көңүлдү көбүрөөк тынчтык сүйлөшүүлөрүнө буруп жатканын билдирген. Америкалык ЖМКлардын айтымында, Вашингтондун аскердик жардамды токтотушу Украинанын Куралдуу күчтөрүн чабуулга өтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Россия Батыштын Украинага берген согуштук жардамы жакшы жыйынтыкка алып келбестигин жана жаңжалды улантарын, ошондой эле ташылып келе жаткан курал-жарак Россиянын мыйзамдуу бутасына айланарын эскертип келет.