Технология тездик менен өнүгүп жаткан доордо бардык тармак аны менен жарышып, ыңгайлашып өнүгүүгө мажбур. Алардын бири тил. Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында санарип кыргыз тили тууралуу маектештик. Анткени азыр кыргыз тили интернетте, мобилдик тиркемелерде, жасалма интеллектте жана башка санарип платформаларда өз ордун табууда. Бул нерсе кантип ишке ашууда? Кандай кыйынчылыктар бар? ушул жана башка суроолорго Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын мониторинг жана талдоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мунарбек уулу Болотбек жана Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Санариптештирүү боюнча жооптуу кызматкери Айзаратбек Эсенов жооп берди.