Варшава келишими уюмунун тарых-таржымалы жана соңку чекити. Видео

Эл аралык масштабдагы достуктун көпкө созулбаган "өмүрү"... 1991-жылы дал ушул күнү Варшава келишими деп аталган уюм ишин токтоткон.
Sputnik
Бул эмне уюм эле, кандай болду, кантип тарады деген соболго атайын даярдалган видеодон жооп издесек болчудай.
СССРдеги атактуу кайра куруу мезгилинин башталышы, Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү либерализация менен аталган уюмдун талкаланышы байкала баштады. 1990-жылы аны реформалоо жана процесске саясий мүнөз берүү чечими кабыл алынды.
Германиянын биригишинен кийин өлкөлөр Варшава келишими уюмунан чыга баштады. 1991-жылы Чехословакия, Венгрия жана Польша уюмга мүчө болуудан баш тарткан. Будапешт каалоосун билдирип, көп узабай эле НАТОго добушсуз мүчө болуп кошулду.
Жашыруун маалыматтар. Варшава келишиминен чыккандар мурдагы мүчөлөр макулдук бермейин өздөрүнүн архивдерин ачпай турууну макулдашкан. Бул келишим польшалыктарга 2005-жылы НАТОнун документтеринин жеткиликтүү болушуна жол ачты.
Эң кызыгы, ошол кезде Варшава келишимине кирип, СССРдин союздашы болгон мамлекеттердин бардыгы учурда НАТОго мүчө. Алар эми Россияга каршы чыгып, ал кезде алган советтик техниканы жапырт Украинага берип жатышат.