БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) чет элдик жардам программасын токтотконун мамлекеттик катчы Марко Рубио Substack сервисинен кабарлады.
“USAID 1-июлдан тарта чет элдик жардам программасын расмий токтотту. Администрациянын саясатына туура келген жана Американын кызыкчылыгын көздөгөн программалар эми Мамлекеттик департамент тарабынан ишке ашырылат”, — деди Рубио.