Сим-карта аларда биометриядан өткүлө! ТИМдин Россиядагы мекендештерге эскертүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиядагы чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар сим-карта сатып алууда биометрикалык идентификациядан (жүзү жана үнү) өтүшү керектигин эскертти.
Буга чейин соцтармакта, ЖМКларда Россия чет элдиктерге мобилдик байланышты өчүрө баштаганы тууралуу маалымат тараган.
Мыйзамга ылайык, 1-январдан тарта чет элдиктер жана жарандыгы жок адамдар Россияда сим-карталарды байланыш операторунун кеңсесине барып гана сатып ала алышат. Ошол эле учурда алар банктын бөлүмдөрүндө биометрикалык идентификациядан өтүшү керек.
Сим-картасы бар жарандар байланыш дүкөнүндө жеке камсыздандыруу эсебинин номерин, IMEI, Мамлекеттик кызматтар порталынын маалыматтарын жана биометриясын көрсөтүү менен өздүгүн ырастоосу зарыл.
Кулубаев: жарандарыбыздын Россияда мыйзамдуу жүрүшүнө абдан кызыкдарбыз