БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Түндө саат 03.00дөр чамасында Ысык-Ата районунда жайгашкан Такыр-Төр көлүнүн суусу көбөйүп, Алмалуу жана Кебек-Бий айылдарынын тургундары эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта суу жолду каптап, автоунаалар үчүн жабылганы айтылат.
ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Ысык-Ата райондук эвакуация комиссиясы менен биргеликте Алмалуу айлынан 500 адам, Кебек-Бий айылынан 240, карылар үйүнөн 42 адамды эвакуациялашкан, Буга ӨКМден 21, ИИМден 80 кызматкер, 15 ыкчам унаа, 8 тез жардам унаасы, 7 кичи автобус жана жеңил машиналар тартылган.
ӨКМ учурда суунун көлөмү болжол менен 8-10 метр кубду түзөрүн айтты.
Соңку маалымат боюнча, абал турукташа баштады.
Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес.