БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарына ОСАГО полисин алуу үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин убакыт берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.
Эскерте кетсек, ОСАГО полисин милдеттүү түрдө алуу жөнүндө мыйзам ушул жылдын 1-июлунда күчүнө кирип, алып жетишпей калган айдоочуларга 3 000 сом өлчөмүндө айып салына баштамак.
Маалыматта кечээ Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасы Элдияр Калдарбеков жолугуп, аталган маселени талкуулашкан. Жетекчилер ОСАГО боюнча айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешкени айтылат.
Натыйжада айрым себептерден улам полис алып үлгүрбөй калгандарга түшүнүү менен мамиле жасап, аны алуу мөөнөтүн 1-сентябрга чейин жылдыруу чечими кабыл алынган. Башкача айтканда, азырынча полиси жок айдоочуларга айып пул салынбайт.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму жакынкы аралыкта "Түндүк" тиркемеси же мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалдары аркылуу, ошондой эле мобилдик тиркемелер аркылуу ОСАГО полисин онлайн алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти. Бир жылдык камсыздандыруу 1680 сом турат.
ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.