ОСАГО полисин албагандарга айып салуу жазасы кайра күчүндө калды

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. ОСАГО полисин албаган айдоочуларды 1-июлдан тарта айыпка жыгуу жазасы күчүндө. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин камсыздандыруу полисин алуунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин жылдырылып, айып салынбай турганы айтылган.
Ведомство соцтармакта бул боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканын билдирди. 1-июлдан тарта, тагыраагы, бүгүндөн тарта ОСАГО полиси жоктор 3 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгыла баштайт.
ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.
Бишкекте ОСАГОну сутканын каалаган убагында алууга болот