БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта куткаруучуларга жаңы техника берилди. Иш-чара УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин катышуусунда өткөн.
Ташиев куткаруучуларды жана ардагерлерди кесиптик майрамына байланыштуу куттуктап, өзгөчө кырдаалдар көбөйүп жаткан учурда алардын ишинин маанилүүлүгүн белгилеген. Атайын кызматтын жетекчиси табигый кырсыктарды алдын алып, өмүрлөрдү сактап калууда куткаруучулардын ролу эбегейсиз чоң экенине токтолду.
Кызматкерлердин иши менен эрдигин министр Ажикеев да белгилеп, жаңы техника өрт жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга орчундуу көмөк болорун айтты.
Куткаруучуларга төмөнкү техника берилди:
КамАЗдын базасындагы 11 өрт өчүрүүчү автоунаа;
борту бар 4 КамАЗ;
BYD үлгүсүндөгү 3 жеңил унаа;
6 Chevrolet Cobalt;
1 Chevrolet Tracker;
1 Toyota Land Cruiser;
2 жүктөгүч.