УКМК Кара-Балта шаарынын мэринин кармалышынын чоо-жайын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. УКМК Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшеновдун кармалышы боюнча маалымат берди.
Ага караганда, шаардык кеңештин кызмат адамдары Кытайдан 17 автобусту кымбат баада сатып алгандыктан бюджетке 17 миллион сом зыян келтирилген. Эске салсак, 30-июнда мэр менен кошо Жол курулуш башкармалыгы муниципалдык ишканасынын жетекчиси кармалган.
Кара-Балта мэриясына бөлүнгөн 1 миллиард сом кайда сарпталганына анализ жүргүзүү учурунда жол оңдогон подрядчы компаниялардын биринин жетекчиси УКМКны каралоого аракет кылганы айтылды. Атайын кызмат билдиргендей, ал мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жөнүндө чагымчыл видеолорду жарыялап, опузалоо үчүн блогерлерди жалдаган. Мындан улам эки блогер менен подрядчы УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Учурда шаарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун мыйзамдуу пайдаланылышы текшерилип жатат.
Бишкектин вице-мэри ири суммадагы пара алууга шектелип кармалды. Видео