Быйыл өлкө боюнча 78,5 мегаватт кубаттуулуктагы 18 чакан ГЭС ишке берилет. Алар чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун, жеке ишкерлердин күчү менен курулуп жатканын Таалайбек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы сегиз чакан ГЭС ишке берилип, жалпы кубаттуулугу 48,8 мегаватты түздү.
"Чакан ГЭС" мекемеси күз-кыш мезгилине даярдык иштерин баштап, белгиленген пландын алкагында иштер жүрүүдө. Алсак, ишканага караштуу ГЭСтердин төрт гидроагрегатын толук оңдоо планга кирген. Өлкөдөгү энергетикалык кырдаалды эске алып, "Чакан ГЭС" кубаттуулуктарды жогорулатууга басым жасап жатат. Мисалы, өткөн жылы сегиз чакан ГЭС ишке берилип, жалпы кубаттуулугу 48,8 мегаватты түздү. Ал эми быйыл өлкө боюнча 78,5 мегаватт кубаттуулуктагы 18 чакан ГЭС ишке берилет. Алар чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлордун, жеке ишкерлердин күчү менен курулууда", — деди Мамбеталиев.
Ошондой эле ал чакан ГЭС үчүн тариф маселеси оң жагына чечилип, ишкерлер, инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттар каралып жатканын кошумчалады.