БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Эртеңден баштап 2-сентябрга чейин Лев Толстой көчөсүнүн Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканага бурулган жеринен Манас проспектине чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы аталган бөлүктө жылуулук тармактарын оңдоо боюнча иштерди баштоону пландап жатат.
"Учурда "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы 1989-жылдан бери иштетилип келе жаткан бул тилкени реконструкциялоого даярданып жатат. 36 жылдык иш мөөнөтүндө тармак толугу менен эскирип, тез арада алмаштырууну талап кылууда", — деп айтылат маалыматта.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды маршруттарды алдын ала пландоого чакырды.