Бишкекте КамАЗ тебелеп кеткен 8 жашар кыз каза болуп калды

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектеги Ак-Ордо конушунда КамАЗдын айдоочусу сегиз жаштагы кызды тебелеп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Окуя 28-июнь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда жүк ташыган машина кызды жөө адамдар өтчү чийинден сүзгөн.
"Жеткинчек мүрт кеткен. Айдоочу кыз көрүнбөгөн зонада болгону үчүн байкабай калганын айтты", — деди ЖКККББ.
Айдоочунун соо экени аныкталган.
Аксыда жылып кеткен унаа жардан учуп, ичиндеги 8 жаштагы бала каза болду