Мыйзамдаштыруу жараяны: үч айда 5,8 миң автоунаа катталган

Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Үч айдын ичинде 5 825 автоунаа каттоодон өткөнүн Транспорт каражаттары менен айдоочулук курамды каттоочу мамлекеттик агенттик (мурдагы "Унаа") билдирди.
Мекемеден Бишкектеги мыйзамдаштыруу иштеринин алкагында 1 404, Ошто 337 автокөлүк катталган.
Ал эми аймактарда төмөнкүчө:
Баткен облусунда — 301;
Жалал-Абадда — 807;
Нарын — 140;
Ошто — 792;
Таласта — 286;
Чүйдө — 1 540;
Ысык-Көлдө — 218.
Ал эми кыймылдаткычтын көлөмү боюнча алсак, эки миң сантиметр кубга чейин 3 452 автоунаа, андан өйдө болсо 2 373 машина мыйзамдаштырылган.
Эске салсак, мыйзам чегине келтирүү кампаниясы 1-апрелден тарта 1-октябрга чейин уланмак. Ал Кыргызстанга 2024-жылдын 31-декабрына чейин ташып келинген, чет мамлекеттик номерлүү, бажыдан өтпөгөн, тиешелүү тастыктоочу документи жок транспорт каражаттарын мыйзамдаштыруу максатын көздөйт.
ОСАГО полисин албагандарга айып салуу жазасы кайра күчүндө калды