БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен 59 чет элдик студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, расмий түрдө студент болуп катталгандар иш жүзүндө окушкан эмес, чет өлкөдө жүрүшкөн. Алардын 30у Өзбекстандын, 20сы Казакстандын жана тогузу Россиянын жарандары.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси боюнча иш козголду. Учурда окуу жайдын кайсы кызматкерлери мыйзам бузганын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.