2-июлга карата аба ырайы

2-июлда күндүз өлкө аймагында ысык аба ырайы күтүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Шаршембиде республиканын айрым жерлеринде күн күркүрөп, ала булут каптайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 32…37, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 33…38, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын чөлкөмүндө 23…28 градус ысык болот.
Күндүн табы Бишкекте 33…35, Ош шаарында 34…36 градуска көтөрүлөт.
Африкадан келген аптаптын толкуну Европаны да каптады