Жусуп Баласагын Х кылымда эле азыркы илимий көрүнүштөрдү айтып койгон философ

Sputnik
Жусуп Баласагын же Баласагындык Жусуп деген ат менен тарыхта аты калган улуу ойчул, окумуштуунун “Кут алчу билим” аттуу эмгеги биздин заманга жеткен. Иликтөөчү окумуштуу Аттокур Жапановдун айтымында, Жусуп Баласагындын көп эмгектери болгон. Бирок алар бизге жеткен эмес. Жусуп Баласагын азыркы Токмок шаарынын аймагында төрөлүп жашап өткөн. Андыктан аны “кыргыз” деп таанып келебиз. Ага Качкынбай Артыков баштаган окумуштуулар бир катар мисалдарды келтиришет. Бирок айрымдар ал түрк элдеринин орток окумуштуусу катары белгилешет.
Учурда Аттокур Жапанов Жусуп Баласагындын энциклопедиясынын беш томдугун түзүп чыкты. Аны утурлай “Туяк” программасынын жүрүшүндө Жусуп Баласагындын өмүрү жана чыгармачылыгы, илимий изилдөөлөр жана беш томдуктун мазмуну тууралуу баарлаштык.