Адамдан сулуулук издебе...Сулуу көрүнүү тандообу же социалдык басымбы?

Sputnik
Ар бир адам өзүн кооз, таза, жарашыктуу алып жүрүүгө аракет кылат. Айрыкча аялзаты үчүн "сулуулук" түшүнүгү терең мааниге ээ. Көпчүлүк адамдар сулуу көрүнүүнү өзүнүн тандоосу деп ойлошот. Чындыгында, адам өзү үчүн кам көрүп, сырткы келбетине көңүл буруу — бул табигый көрүнүш. Бирок коомдук басым, социалдык тармактардагы "сулуулук стандарттары" көптөрдү жасалма сулуулукка түртүп жатат. Айрыкча аялдар коомдун сын көз карашынан коркуп, макияжга, диетага, операцияларга чейин барышат.
Бул учурда сулуу болуу тандоо эмес, милдетке айланып калат. Эгер адам сулуу көрүнүүнү өзү каалап, муну менен өзүн эркин сезсе анда бул тандоо. Ал эми башкалар үчүн, коом жактырат деп аракет кылуу социалдык басым болуп саналат. Сулуу болуу жаман эмеспи?
Коом жактырат деп сулуу көрүнүшүбүз керекпи? Башкалар кандай дейт деп жашоо өзүн жоготубу "Көз мончок" берүүсүнөн тыңдаңыздар.