Витилиго (ала) – териде пигментсиз ак тактарды пайда кылуучу оору. Аталган оору стресс, иммунитеттин жана ички органдардын иштөөсүнүн бузулушу ошондой эле кээ бир дары-дармек же сапатсыз косметикалык каражаттарды пайдалануудан келип чыгышы мүмкүн. Ала оорусу тукум кууйт, бирок жугуштуу эмес. Ошентсе да бейтап териде ак тактардын пайда болгонун байкаганда эле дароо дарыгерге кайрылуусу абзел.
Убакыттын өтүшү менен тактардын өлчөмү чоңоюп, бейтаптын сырткы келбетине таасирин берерин дарыгер-дерматолог ТемирбекАбдышев "Ачык кеп" берүүсүндө кеп кылды. Анын айтымында, витилиго дартын алдын алуу үчүн туура тамактанууга өтүп, витаминдүү азыктарды көп пайдалануу, спорт менен алектенүү жана күнгө чыгар алдында нурлардан коргоочу кремдерди колдонуу жардам берет.