Жарандарды каттоонун жол-жобосу. Чет элдик жарандардын каттоосунун базасы түзүлүп, тартипке келтирилет

Sputnik
Бул уктурууда Турдубаева жарандарды каттоонун жол-жобосу, чет элдик жарандарды каттоонун бирдиктүү базасы түзүлүп жатканы жана бул жааттагы жаңы тартиптер тууралуу айтып берди. Каттоо мөөнөттөрү, электрондук кызматтар жана каттоо процессин жөнөкөйлөтүү боюнча маалыматтар берилди. Каттоо милдеттүү түрдө үй ээсинин катышуусу же макулдугу менен жүрөт. Ошондой эле, жарандар телефонунан эле кабинет ачып, электрондук каттоо жүргүзсө болот.
Буга толук мүмкүнчүлүк бар. Мейманыбыз мыйзам боюнча чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга киргенден тартып 5 иш күнүнүн ичинде каттоого турушу керектигин белгиледи. Бирок туризмди өнүктүрүү максатында 92 мамлекетке жеңилдиктер берилген. Россия 30 күн, ал эми Европа өлкөлөрүнөн келгендер 60 күнгө чейин каттоодон бошотулат.