Кыргызстандын Социалдык фонду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 120 жаранына пенсия чектеген. 2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин, атап айтсак Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Беларустун аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранты деп саналат.
“Күн Башат” программасында Социалдык фонддун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башчысы Жылдыз Кулжанова ЕАЭБ жарандарына пенсиялар кандай тартипте чегерилери, кимдер бул мүмкүнчүлүктөн колдоно алышпары, пенсия кайсы валютада эсептелери, канча жаранга чегерилди, канча жаран дагы документ тапшырары жана жалпы эле пенсия чектөө эрежелери тууралуу кенин айтып берди.