Курулуш компаниясынын мүлкүн ээлеп алышкан. УКМК кылмыштуу топту кармады

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. УКМК ишкерлерди ур-токмокко алып кыймылсыз мүлкүн ээлеп алып жүргөн деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсүн кармаганын кабарлады.
Маалыматта колго түшүрүлгөндөр буга чейин соттолуп чыкканы айтылат.
"Териштирүүнүн натыйжасында топтун мүчөлөрү курулуш фирмасынын жетекчилигин кыймылсыз мүлк объектилерин өз кишилерине каттоого мажбурлап, курулуш материалдарын жеткирип берүүнү убадалашканы аныкталды. Бирок кийин компаниянын мүлкүн тартып алууну көздөп, компания директорун күн алыс опузалап, кабинетинен ур-токмокко алып турушкан", — деп айтылат кабарда.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкектин вице-мэри ири суммадагы пара алууга шектелип кармалды. Видео