БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чолпон-Атада өткөн ЖККУнун ТИМ башчыларынын отурумунун жыйынтыгын чыгарды.
Негизги учурлары:
эл аралык жана аймактык коопсуздук, тышкы саясий мамилелер жана кызматташууну бекемдөө жаатындагы маселелер талкууланды;
терроризм, экстремизм, улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду;
Кыргызстан ЖККУнун негизин түзгөн жамааттык коопсуздук жана тилектештик принциптерине берилгендигин белгилейт;
эл аралык абал туруксуз болуп турган маалда жамааттык коопсуздук маселеси артыкчылыктуу болот.