Лавров: Россия Сербиядагы башаламандыктын токтошуна кызыкдар

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Россия Сербиядагы кырдаалга көз салып турат жана башаламандыктын токтошуна кызыкдар. Бул туурасында РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Чолпон-Атадагы ЖККУнун министрлер кеңешинин отурумунан кийинки маалымат жыйында айтты.
"Ар кайсы мамлекеттердин ички окуяларында кызыкчылыктарын алдыга коюп, аны таңуулап, жайылтууга аракет кылган Батыш өлкөлөрү бул жолу түстүү ыңкылап уюштурууга барбайт деп абдан үмүттөнөбүз", — деген РФ ТИМ башчысы.
Дипломат кандай көйгөй болбосун, аны кепке келүү, диалог аркылуу чечүү керектигин белгилеген.
Эске салсак, Сербиянын борбору Белград шаарында студенттер жана оппозиция парламенттик шайлоонун датасын мөөнөтүнөн мурда белгилөөнү талап кылып, нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Кагылыш катуу болгондуктан жекшембиге караган түнү тартип сакчылардын ичинен 48и жаракат алып, 77 киши кармалганы айтылды.
Сергей Лавров Садыр Жапаров менен жолукту. Талкууланган маселелер