Россия акыл менен иш кылат. Лавров Польша министринин сөзүнө жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскийдин Россиянын аскердик бюджетин көбөйтүүсү кыйроого алып келет деген сөзүнө жооп кайтарды.

"Ошондой эле көрөгөч болсо, анда НАТО мамлекеттеринин бюджетин көбөйтүү уюмду кыйрата турганын алдын ала сезсе керек. Ал эми Россия, кечээ жакында президент айткандай, өзүнүн аскердик чыгашасын кыскартып, акыл менен иш кылат", — деди Лавров Чолпон-Атадагы ЖККУнун ТИМ башчыларынын жыйынында.

Дипломат Түндүк атлантикалык альянска мүчө мамлекеттердин, анын ичинде Сикорскийдин дооматтары суу кечпей калгандыгын кошумчалаган.
Польшанын тышкы иштер министри НАТО өлкөлөрү 2035-жылга чейин коргонууга чыгымын ИДПнын 5 пайызына чейин көбөйтөрүн убадалаган билдирүү жасаган.
"Путин гигантты ойготуп алды. Биз эми коргонууга бир топ акча коротобуз", — деген анда польшалык министр.
Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери отурумга чогулду.
Лавров: Россия Сербиядагы башаламандыктын токтошуна кызыкдар