РФ ТИМ башчысы: Армения өнөктөштөрүнөн жүз бурса элине пайда алып келбейт

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 30-июн. — Sputnik. Эгерде Армения союздаштарынан, өнөктөштөрүнөн жана кошуналарынан жүз бурса, армян эли мындан пайда көрбөйт. Бул тууралуу Сергей Лавров Ысык-Көлдө өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчыларынын жыйынынан кийинки маалымат жыйында билдирди.
Ал армян кесиптешинин келбей калганына комментарий берип жатып, Еревандын ЖККУга болгон мындай мамилеси эсте болорун белгиледи.
"Арменияны уюмдун толук кандуу мүчөсү деп эсептейбиз. Бирок мында ЖККУнун уставдык документтеринен келип чыккан милдеттенмелерди аткаруу, анын ичинде жыйым төлөө каралган", — деди Лавров.
Ал Пашиняндын ЕАЭБ менен Евробиримдиктин бирин тандоо керек деген билдирүүсүн эске салды. Өлкө жетекчилигинин дагы бир өкүлү жакын арада Армения ЖККУга мүчөлүк маселеси боюнча акыркы чечимди кабыл алышы керектигин белгилеген.
"Биз армян бийлигинде тургандарга эч кандай басым жасабайбыз, болгону тактыкты, ачык-айкындуулукту күтөбүз", — деди ал.
Учурда Чолпон-Атада ЖККУнун ТИМ башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүүдө.
ЖККУнун ТИМ башчылары 4 билдирүүгө кол коюшту