Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынын көпүрөсү кеңейтиле баштады

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектин Ауэзов көчөсүндө ЖЭБ каналынан өткөн көпүрөнү кеңейтүү иштери башталганын мэрия кабарлады.
Ушу тапта курулушка даярдык жүрүп, коммуникациялык чубалгылар, түтүктөр алынууда.
Муниципалитеттин маалыматында көпүрөнүн туурасы 13 метрден 24 метрге чейин кеңейтилери, эки жагына эл баскыдай тротуарлар түшөрү айтылган.
Автоунаа жүрүүчү жери Сагынбай манасчы көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейин кеңейтилет.
Быйыл дагы эки көпүрө куруу пландалган:
Жибек Жолу проспектиндеги Аламүдүн суусуна;
Шүкүров көчөсүнөн Медеровго чейинки Чоң Чүй каналына.
"Кооптуулук бар". ӨКМ Такыр-Төр боюнча соңку маалыматтарды берди