БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов кармалды. Ал коррупцияга шектелип жатканын Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак билдирди.
Мэр менен кошо шаардык муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдусамат Байышбаев да кармалган. Ал эки жума мурда кайра уюштуруу иштерине байланыштуу иштен бошотулган.
УКМК өткөн жылы калааны өнүктүрүүгө бөлүнгөн 1 миллиард сомдун сарпталышы боюнча текшерүү жүргүзгөн.