ГИТИСтин мугалимдери Бишкекте лекция окуп жатышат

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында театр директорлору, менеджерлер жана аткаруучулук искусство тармагындагы продюсерлер үчүн "Театр менеджменти" деп аталган квалификацияны жогорулатуучу программа ишин баштады. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Лекцияларды россиялык ГИТИСтин (Театр искусствосу институту) мугалимдери Ольга Чембаева менен Евгения Кузнецова окууда.
1 / 3

Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрында театр директорлору, менеджерлер жана аткаруучулук искусство тармагындагы продюсерлер үчүн "Театр менеджменти" деп аталган квалификацияны жогорулатуучу программа ишин баштады

2 / 3

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди

3 / 3

Лекцияларды россиялык ГИТИСтин (Театр искусствосу институту) мугалимдери Ольга Чембаева менен Евгения Кузнецова окууда

"Программа 72 академиялык саатты камтыйт. Негизги максаты — театр мекемелеринин чыгармачыл, өндүрүштүк жана каржылык ишмердүүлүгүн уюштуруу, башкаруу жаатындагы билимди тереңдетүү. Программаны ийгиликтүү аяктап, аттестациядан өткөндөр квалификациясы жогорулагандыгы тууралуу күбөлүк алат", — деп айтылат маалыматта.
Окуу программасы төмөнкү негизги темаларды камтыйт:
Театрда репертуардык саясат жана стратегиялык пландоо;
Маркетинг жана реклама, SMM аркылуу театрдык долбоорлорду илгерилетүү;
Фестивалдык жана долбоордук менеджмент: концепция түзүүдөн баштап көрүүчүлөр менен иштөө системасына чейин;
Финансылык менеджмент жана башкаруучулук эсеп;
Театрдагы чыгармачылык-өндүрүштүк ишмердүүлүктү пландоо;
Автордук укук.
Квалификацияны жогорулатуу программасы Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Россиянын белгилүү ГИТИС — Театр искусствосу институтунун ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жатат.
Москвадан окуп келген жаш актерлорго ипотекалык батир берилери айтылды