Чолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңеши отурумга чогулду

Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 30-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги отуруму башталды.
Иш-чарага уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышууда.
Тараптар эл аралык жана аймактык кырдаалды жана анын ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна келтирген таасирин талкууламакчы.
Тышкы иштер министрлери эл аралык маалыматтык коопсуздукка тиешеси бар маселе боюнча орток билдирүүлөрдү кабыл алышат. Алар радикалдаштырууга, террорчулукка жана экстремизге каршы күрөшүү жаатында болмокчу. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга өзгөчө басым жасалары айтылды. Андан сырткары, Борбор Азия жана Афганстандагы туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн БУУнун аймактык борборун түзүү маселеси каралары маалым болду.
Эл аралык ири уюмдардын алакасы жаатында ШКУ, КМШ менен өз ара кызыкчылыктардан улам кызматташуу маселеси да талкууга алынмакчы.
Сергей Лавров Садыр Жапаров менен жолукту. Талкууланган маселелер