Чолпон-Атада ЖККУнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу кандай өттү. Видео

Чолпон-Атада ЖККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жолукту. Жыйында эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери талкууланды.
Sputnik
Жолугушууга Беларустун ТИМ жетекчиси Максим Рыженков, Казакстандан Мурат Нуртлеу, Россиядан Сергей Лавров, Тажикстандан Мухриддин Сирожиддин жана ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты. Алар менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев да болду.
Министрлер ЖККУга мүчө мамлекеттердин радикалдашууга каршы туруу, маалыматтык коопсуздук боюнча билдирүүлөрүнө кол коюшту. Анын ичинде БУУнун аймактык борбору жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаал да камтылган.
Тема боюнча:
Кулубаев ЖККУнун ТИМ башчыларынын отурумунун жыйынтыгын чыгарды