Такыр-Төрдүн жырылышы. Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолу тазаланды

Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолунун 40,4-чакырымы автоунаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
"ДЭП-25, ӨКМ жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин күчү менен жол 29-июнь күнү кечки саат 20:00дө ачылды", — деп айтылат маалыматта.
1 / 2

Бишкек — Кой-Таш — Ысык-Ата жолунун 40,4-чакырымы автоунаалар үчүн ачылды

2 / 2

Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди

Эске салсак, 27-июнда Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кеткен. Суу ташкыны Алмалуу жана Кебек-Бий (Горная Серафимовка) айылдарынын ортосундагы бир көпүрөнү агызган. Жалпысынан 950 тургун эвакуацияланып, убактылуу жайларга (мектеп, мечит, маданият үйү, интернат-үй) жайгаштырылган. Жабыркагандар, бузулган үйлөр катталган эмес. Ал эми жогоруда аталган жол тилкесин ылай каптап, жабылып калган.
"Кооптуулук бар". ӨКМ Такыр-Төр боюнча соңку маалыматтарды берди